“Республика” партиясынан “каралар” бийликке жутунуп жатышат” макаласы боюнча иликтөө башталды

КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу 2020-жылдын 28-августунда “Де факто” газетасынын сайтында “Республика” партиясындагы “каралар” бийликке жутунуп жатышат” деп аталып, Нургазы Айтмырзаевдин авторлугу алдында берилген макала менен таанышып чыкты.

Макалада Ө.Бабановдун ишенимдүү адамы, КР ЖК шайлоосуна көп жолу катышкан Таалайбек уулу Чыңгыз жөнүндө жазылган. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган парламенттик шайлоого Таалайбек уулу Чыңгыз “Республика” партиясынын тизмесинде онунчу орунда тургандыгы айтылат. Ошондой эле макаладан Таалайбек уулу Чыңгыз Улан Токтосуновдун (каймана аты “Сакал”) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экендиги белгилүү болгон.

Бул маалыматты иликтөө үчүн координациялык топ аны КР ИИМге жиберди, иликтөө башталды.