2021-жылы 8-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун WhatsApp номерине Бишкек шаарынын №35 мектебинин мугалиминен, №35 мектептин директору, ошол мектепте жайгашып иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн фунционалдык милдети болгон жумуштарды мугалимдерге аткарууга бөлүштүрүп, 2021-жылдын 10-январында педагогикалык коллектив үчүн жумуш күн деп жарыялады деген билдирүү келип түштү.
08.01.2021-жыл. Маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жиберилди
ЫЧКТ БШК
Кыска номери – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дареги – kgor_cec@shailoo.gov.kg