2021-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад облусу боюнча "Жалпы иш" коомдук фондунун аймактык координатору Р. Борбиевадан маалымат түшүп, ал Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын Эл аралык университетинин жетекчилери тарабынан ушул ЖОЖдун окутуучуларына шайлоо даректерин өзгөртүү боюнча административдик кысым көрсөтүлүп жатканын билдирген. Маалыматта ушул окуу жайынын Сузак районунда катталган окутуучуларын Жалал-Абад шаарында күчтөп каттатуу жүрүп, эски үлгүдөгү паспортту биометрикалык чип менен паспортко алмаштырууга мажбурлап жатышканы айтылган. Бул маалыматты текшерүү үчүн КР ИИМне, Жалал-Абад АШКнын ЫАККТна жиберилди.
ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg