28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учар айылында КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров үчүн паспорттордун көчүрмөсүн кол тамгалар менен бирге жыйнап жүрүшкөндүгү айтылат. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Кара-Суу АШКна билдирилди. ЫАККТ БШК
Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg