“Азаттыктын” материалы боюнча изилдөө башталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык топ “Азаттыктын” интернет сайтында жайгашкан “Добуштарды сатып алуу: Кыргызстандын партиялары шайлоочуларга канализация өткөрүп жана айыл чарба техникасын сатып берүүгө убада берип жатышат” аталышындагы макала менен таанышып чыкты.
“Азаттык” аларга “Кыргызмунайгаз” ишканасынын кызматкери Д. Ысакжанов кайрылганын билдирет. Ал ишкананын жетекчилиги ага катталуусун өзгөртүүнү (Ф 2 боюнча айылдагы даректи Кочкор-Ата шаарына алмаштыруу) талап кылып жаткандыгы боюнча кайрылган. 
Маалымат КР ИИМине жиберилди. Сотко чейинки изилдөө боюнча Ноокен райондук ички иштер бөлүмү КР КОП 87-1-беренелери – административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу боюнча иликтөө өткөрөт. 
КР БШК Маалыматтык бөлүмү