ЫАККТ билдирет: агитациялык мүнөздөгү маалымат боюнча иликтөө башталды

29-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине маалымат түшүп, анда Ош мамлекеттик университетинин кызматкери А. Жумалиевдин Фейсбук баракчасында балдардын, жаштардын катышуусунда "Садыр - президент" деген плакаттагы жазуусу менен коомчулукка кайрылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. 29.12.2020-жылы бул тууралуу КР  Башкы прокуратурасына, Ош шаардык АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg