Студенттерге карата мыйзамга каршы аракеттер боюнча иликтөө башталды

2020-жылдын 5-сентябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна БШК мүчөсү Г. Журабаевадан маалымат түшүп, анда социалдык тармактарда Роза Турдубекова аттуу жаран тууралуу маалымат жарыяланып, ал окуу жайдын студенттерин Ф 2 боюнча катталуусу үчүн паспортторун берүүгө мажбурлап жатканы айтылат (жарандардын видеосу жана айткан сөздөрү тиркелген). 
Г. Журабаева ички иштер органдарынан айтылган адамдын жашаган жерин аныктап, анын мыйзамсыз иштери үчүн тиешелүү ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүнү суранат. Мындай аракет өлкөнүн жарандарынын жана студенттердин шайлоо процессине болгон ишенимин жок кылат. 
Маалымат КР ИИМине жиберилди, КР КоП – административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча иликтөө башталды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү