ЫАККТ билдирет: Коюлган театралдык спектакль боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 3-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Ош аймактык шайлоо комиссиясынын Ош шаары боюнча төрагасы Э. Арынбаевден маалымат түшүп, ал АШКга КР УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынан өзбек драма театрында өткөн "Оңолмок белек биз качан, ордодо турса үч пахан" аттуу спектаклге белгилүү артисттерден турган чыгармачыл топ катышкандыгы тууралуу кат түшкөндүгүн билдирген. Түшкөн документтин текстинен көрсөтүлгөн концерттик программанын сценарийинде КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун талапкерлигине каршы агитациянын белгилери бар экендиги байкалган. 

Бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага, ОШ АШК ЫАККТга билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg