ЫАККТ маалымдайт: Тергөө иштери саясий партиялардын өкүлдөрүнүн кайрылуусу боюнча башталды

2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна "Бирге", "Республика", "Эл биримдиги", "Ата Журт Кыргызстан" саясий партияларынын өкүлдөрүнөн “Эмгек” партиясынын административдик ресурстарды колдонуп жатканы боюнча кайрылуу түшкөн.

Кайрылууда Токмок шаардык мэриясынын кызматкерлери, ТОСтун төрагалары "Эмгек" партиясынын үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Tокмок шаардык кенешинин акыркы 4 жылдагы бардык иштери "Эмгек" саясий партиясынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы катары чагылдырылды, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши "Эмгек" баракчасында чагылдырылды. Мэрия жана шаардык кеңештин аткарган иштери жөнүндө маалымат Instagram'да "Токмок маалыматында" баса белгиленип, аккредитациядан өтүшү керек болчу, бирок "Эмгек" саясий партиясын колдоп үгүт иштерин улантууда. Бул сайт салык органдарында каттоодон өтө электиги көрсөтүлгөн.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Токмок АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg