2021-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарынын белгисиз тургунунан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна арыз түшкөн.
Ал №94-үй комитетинин төрагасы Зарина шаардык кеңештин депутаттыгына «Эмгек» саясий партиясынан талапкер С.Шины колдоо үчүн жашоочулардын тизмесин түзүп жаткандыгын белгиледи.
№94-үй комитетинин төрагасынын айтымында, ага норма бекитилген - №8-МТУнун кызматкери Кларанын көрсөтмөсү боюнча №94-үйдөн «Эмгек» саясий партиясын колдоп 20 добуш даярдайт.
Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Бишкек АШКга жөнөтүлдү.
ЫАККТ БШК
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg