2021-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ош АШКсына жаран Х.Ахмедовдон арыз келип түшкөндүгү билдирилген, ал №1 муниципалдык бөлүмдүн башчысы Р. Мирзобаев шайлоого "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынан талапкер катары катышып жаткандыгына байланыштуу, ага арыз жаздырып, Ош шаарынын мэриясынын №1 муниципалдык администрациясынын кварталдык комитетинин төрагасы кызматынан кетүүгө мажбурлаганын кабарлаган.
Бул маалымат Ош АШКна, Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.
ЫАККТ БШК
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук адрес – kgor_cec@shailoo.gov.kg