ЫАККТ билдирет: Саясий партия фонарь устундарын орноткону жөнүндө алынган маалымат боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу "Эмгек" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ч.С.Сыдыковадан  "Республика" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн фонарь устундарын Токмок шаарынын Өзбек көчөсүндө орноткону боюнча кабар түшкөн. Ч. Сыдыкова фонарларды орнотууда Токмок РЭСинин логотиби машинасы менен колдонулганын көрсөткөн.

Сыдыкова Ч.С. укук коргоо органдарына кайрылуу менен "Республика", "Бирге-Вместе" саясий партиялары тарабынан административдик ресурстун колдонулганын көрсөтөт.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Токмок АШКнын, ЫАККТна жөнөтүлдү

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg