ЫАККТ маалымдайт: Шайлоо учурунда жолду оңдоо иштери боюнча алынган маалымат боюнча тергөө башталды

2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Котормо айылында жашаган Мээрим деген адамдан кабар түшкөн. Ал жергиликтүү кеңештин азыркы депутаты жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкер  М. Бекташева айыл жашоочуларынын арасында нааразылыкты жаратып, шайлоо учурунда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Котормо айылындагы Тажибаев көчөсүн ремонттоп жатканын билдирген. Бул маалымат КР ИИМне, Ноокат АШКнын ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg