ЫАККТ билдирет: Жарандарды сатып алуу жөнүндө маалыматты иликтөө башталды

2021-жылдын 4-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине маалымат түшүп, анда П. Колбаевдин Фейсбук баракчасында "Манас" эл аралык аэропортунун экс-президенти, КР Президенти кызматына талапкер А. Сегизбаевдин талапкерлигин колдогон Э. Шайдинов тууралуу талкуу жүрүп жаткандыгы айтылган. Э. Шайдинов талапкер менен жолугушууга көп сандагы электораттын болушун камсыздоого убада берип, ал үчүн Жумгал районунун тургундарынын ар биринин добушун 2000 сомго сатып алууга аракет кылып жаткандыгы айтылат.

04.01.21-жылы бул тууралуу КР ИИМине билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg