Өзгөн районунда жарандын учуп кеткендиги боюнча тергөө иштери башталды

9-сентябрда БШК ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун мүчөсү А. Абдырахматова  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна  КР мыйзамынын бузулушу боюнча WhatsAppтагы маалымат тууралуу кабарлады.
К. Сариев аттуу Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин Жол айылынын жашоочусу “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын агитатору катары аталган айылдын жарандарын уюштуруп Өзгөн районунун Карол айылына ташып келип, Ф2 формасы менен катталгандан кийин 1000 сом берип, 4-октябрда “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы үчүн добуш берсе дагы бардыгына 1000 сомдон берүүгө убада берген. 
9-сентябрда Өзгөн районунун Ленин Жол айылынын жашоочусу К. Сариевдин шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракети боюнча факт КР ИИМине жиберилди.  8-сентябрда бул факт Өзгөн райондук РИИБи тарабынан ЕРППде №03-047-2020-001326 ст.192-1. боюнча катталган.