ЫЧКТ билдирет: “Кыргызстан” партиясы келтирген материалдык зыян боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 11-сентябрда КР БШКнын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна жаран Н. Байканаев кайрылып, ушул жылдын 11-сентябрында эртең менен “Кыргыстан” партиясынын өкүлдөрү анын менчиги болуп саналган “Мираж” дүкөндүн имаратына “Кыргызстан” партиясынын үгүт баннерин анын уруксатысыз орнотконун билдирди.

Мында дүкөндүн имаратына олуттуу материалдык зыян келтирилген (фасад бөлүгү зыянга учураган).

2020-жылы 11-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү