№1247 ШКУга жарандарды массалык ташып келүү боюнча иликтөө баштады

БШК мүчөсү К. Осмоналиев 15-сентябрда БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Махатма Ганди көчөсүндөгү ИСИТОдогу №1247-шайлоо комиссиясынын участогуна жарандарды аймактардан ташып келишип, Форма 2 боюнча каттап жатышкандыгын билдирген.  

Мындай ташып келүүлөрдүн уюштуруучулары жана жетекчилери шайлоочуларды сатып алууга аракет кылышаары кабарланган. Кичи автобустар менен алынып келишкен жарандардын тизмеси түзүлүп, Форма 2 боюнча каттоодон өткөндөрдүн саны такталып жатат. Окуу жайдын окутуучулары бул көрүнүшкө нааразылыгын билдиришти. Ошол эле күнү бул маалыматты КР ИИМине жиберишти, иликтөө башталды.