ЫАКТ билдирет: Үгүттөө ишине байланыштуу маалымат боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Бишкек ш. жашаган КР жараны К. Эрназаровадан Бишкек ш. жашаган жана Бишкек ш. ЖОЖдордун биринде иштеген Гулкаир деген аял үйдүн тургундарынын арасында жигердүү үгүттөө ишин жүргүзүп жатканы жөнүндө билдирген маалымат WhatsUppтан келип түшкөн.

Маектешүүдө ал «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тарапташтарынын тизмесине кол коюуну суранат, аталган партиянын атынан үйгө ремонт жасап, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга убада берет.

Аталган үйдүн тургундарынан кимдир-бирөөлөр баш тартканда, Гулкаир деген аял «Кыргызстан» саясий партиясы үчүн үгүттөө ишин жүргүзө баштаган, аталган үйдүн аймагында акысыз видео байкоо орнотууга даяр экендигин билдирген.

К. Эрназарова ошентип аталган саясий партиялар добуш берүү күнү жакындап калганда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча жигердүү үгүттөө ишин жүргүзө баштаганын көрсөткөн.

2020-жылы 24-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү