ЫЧКТ маалымдайт: Шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматтан бошотуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ош АШКсына жаран Тайыр уулу уулу Иличбектен арыз келип түшкөндүгү, ал кызмат ордунан бошотулгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Ош шаарынын Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык коопсуздук боюнча адиси Тайыр уулу Иличбекти Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмчөсүнүн башчысы И.Санзызбаев "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынан шайлоого катышкандыгына байланыштуу, кызматынан бошотулгандыгын билдирген.

Бул маалымат Ош АШКна, Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук адрес – kgor_cec@shailoo.gov.kg