ЫЧКТ билдирет: Паспорттук маалыматтарды чогултуу боюнча талкууланган аудио жазуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылы 26-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Kaktus.media сайтында аудио жазуу талкууланып жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн, анда белгисиз аял өзүн Айчүрөк Иманалиева деп тааныштырып "Патриот Ынтымагы" саясий партиясынын талапкери экенин айтып, өз тобунун мүчөлөрүнө кайрылып, ал “Патриот Ынтымагы” саясий партиясы үчүн добуш берүүнү өтүнөт.

Өз кайрылуусунда Иманалиева А. аттуу аял шаардын тургундары жана өзү иштеген бала бакча үчүн пандемия учурунда өзү жана партиялаштары көп иш жасагандыгын билдирет (Кант шаарындагы "Үмүт" ДПАТС).

Аудио жазуунун аягында А.Иманалиева топтун мүчөлөрүнө кайрылып, алардын паспортторун, туугандарынын жана досторунун паспортторун сүрөткө тартууну өтүнөт.

Ошол эле учурда ал маалымат катуу купуя сакталаарын, паспорттук маалыматтар анда гана болоорун эскертет. Мындан тышкары, ал өзүн жана “Патриот Ынтымагы” саясий партиясын колдоого макул болгондордун санын көрсөтүүнү суранат.

Маалымат текшерүү жана кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg