ЫАККТ билдирет: ИИМдин кызматкеринин добуш берүү ящиги менен болгону тууралуу маалымат боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 9-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине маалымат түшүп, анда КР Президенти кызматына талапкер А. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү А. Бакиров №1211 УШКнын комиссиясы имараттан тышкары добуш берүүгө талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар жок добуш берүүгө чыгып жатышкандыгын билдирген. Ошондой эле ИИМ өкүлү добуш берүүчү ящикти көтөрүп жүргөнүн айткан.

09.01.21-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага, Бишкек ЫАККТ АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg