ЫАКТ билдирет: 2-форманы толтуруу фактысы боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Д. Ошуракунованын Ош шаарынын тургуну,  мамлекеттик кызматчы Сайпидин кызы Мээрим өзү жана анын кесиптештери мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан кысымга дуушар болгондугун айткандыгы жөнүндө билдирген макаласы Facebookка жарыялагандыгы тууралу маалымат келип түштү.

Атап айтканда, аны жана анын кесиптештерин Ош шаарынын бала бакчаларынын биринде ачылган шайлоо участогунда 2-форманы толтурууга мажбурлашканы айтылган. 2-форма боюнча каттоо үчүн кезек чоң болгонуна карабастан, аларды, кыязы, ал партия үчүн добуш берүүгө арналган башка эшик аркылуу өткөрүшкөн.

2020-жылы 23-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү