ЫАККТ маалымдайт: Шайлоо алдындагы үгүт иштерине үй комитети тарабынан тоскоолдук кылуу фактысы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна "Фейсбук" баракчаларында А.Джумабаевдин маалыматтарын активдүү талкуулап жатышкандыгы боюнча кабар түшкөн. Анда Аламүдүн -1 кичирайонунда үй комитети "Ак Бата" саясий партиясынын агитаторуна үйгө кирүүгө тыюу салгандыгы боюнча маалымат талкууланган. Аталган үй комитетинин башчысы шаар тургундары менен жолугушуу жана үгүт иштерин жүргүзүү үчүн кире бериштин алдыңкы эшигин ачууну сураганда, "Анын үйү агитатордун партиясына добуш бербейт жана бул үгүт баракчаларынын кереги жок, анткени бардыгы бир партияга добуш беришет!" деп билдирген.

Текшерүү жана иликтөө үчүн ушул факты боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg