2021-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна А.Джумабаев тарабынан Фейсбукта жарыяланган маалымат активдүү талкуулап жатканы боюнча кабар түшкөн, 8-кичирайондо жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришиндеги үгүт материалдарын үй комитетинин башчысы жырып, агитаторлордун ушул үйлөрдүн жашоочулары менен эркин баарлашуусуна жол бербей жаткандыгы айтылат.
Текшерүү жана иликтөө үчүн ушул факты боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.
ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg