2020-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Facebookка Б. Бупебаеванын Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ҮМБда Биринчи Май мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары А.Ж. Рыспаева участоктук шайлоо комиссияларында кезметте туруучу медициналык кызматкерлерден 2-форманы толтурууну талап кылгандыгы жөнүндө билдирген макаласы жарыялагандыгы тууралу маалымат келип түштү. Ал баш тартсаңар жумуштан бошотом деп коркуткан.
Комментарийлерде укук органдарына кайрылууну суранышкан.
2020-жылы 23-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.
КР БШК маалымат бөлүмү