“Мекеним Кыргызстан” партиясы үчүн паспортторду жыйноо фактысы иликтене баштады

КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу Facebook социалдык тармагында жайгашкан материалдарды иликтей баштады.

Аудиомаалыматты У. Жумалиев жайгаштырган. Анда Тамара аттуу аял жарандардын жаңы үлгүдөгү паспортторун “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш берүү үчүн жыйнап жаткандыгы айтылат. Аты аталган аялдын Ысык-Көл районунун Комсомол айылынан Алмаз аттуу жаран менен сүйлөшүүсүнөн эгер жаңы паспортту берсе ага 1000 сом төлөрүн айтканын түшүнүүгө болот. Добуш бере турган күнү ташуу уюштурулуп, дагы кошумча 1000 сом төлөрүн айтат. Финансылык колдоо Р. Матраимов тарабынан көрсөтүлүп жатат.

КР БШКнын координациялык тобу “Мекеним Кыргызстан” партиясы үчүн паспортторду жыйноо жөнүндөгү маалыматты КР ИИМге жөнөттү. Бул иликтөө иши Нарын облусунун Кочкор районундагы тиешелүү кызматта катталып, иликтөө башталды.