2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Айбек деген жарандан арыз келип түшкөн, анда 8-кичи райондогу №46-үй комитетинин төрагасы үйдүн жашоочуларын шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо No22 «Эмгек» саясий партиясына добуш берүүгө мажбурлап, жашоочулардын паспорттору жөнүндө маалыматтарды чогултуп жатканы айтылган.
Андан ары Айбек мындай буйрукту Аидага №8-МТУнун үй комитеттеринин төрагаларынын ишин көзөмөлдөгөн №8 МТУнун Клара аттуу кызматкеринен берилгенин белгилеп, аларды ар бир үйдөн 30 добуш менен камсыз кылууга милдеттендирген. Бул иши үчүн №8-МТУнун үй комитеттеринин төрагаларына 5000 сом төлөп берген.
Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Бишкек АШКга жөнөтүлдү.
ЫАККТ БШК
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg