Чоочун паспорт боюнча катталуу фактысы иликтене баштады

16-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна “Наша вера” турак-жай ээлеринин бирикмесинин төрагасы В. Н. Ангажи кайрылган. Ал өзүнүн кошунасы Ю. В. Солянникова жакынкы күндөрдүн биринде кайсы бир партияга өз добушу үчүн акысына 2000 сом алуу үчүн баргандыгын билдирген. Бирок партиянын штабындагы кызматкерлер ал боюнча маалыматты компьютерден текшеришкенде ал каттоодон өтүп сый акы алгандыгы белгилүү болгон.

Ю. Солянникова анын паспорттук маалыматтарын В. Ангажи сый акы алуу үчүн пайдаланды деп айыптап чыккан. В. Ангажи көрсөтүлгөн үйдүн жашоочуларынын паспортторун жыйнабагандыгын, партиядан сый акы албагандыгын билдирет. Координациялык топтон Ю. Солянникованын паспорту менен ким каттоодон өткөндүгүн текшерип берүүнү суранат. 16-сентябрда бул маалымат ИИМге жиберилди, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү