ЫАККТ маалымдайт: Шайлоо өнөктүгүндө таттууларды таратуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна 2021-жылдын 4-апрелинде “Реформа” саясий партиясы шайлоочулар менен Жеңиш паркында жолугушуу уюштуруп, кайрымдуулук иш-чарасында балдарды тартуу менен өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын шайлоодогу убадалары менен таттуулар таратылды.

Автор "Реформа" саясий партиясы дагы бир жолу ГУМ соода борборунун жанында таттууларды, партиянын логотиби түшүрүлгөн желектерди таратуу боюнча акция өткөргөнүн белгиледи

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Бишкек АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg