ЫАККТ маалымдайт: Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу менен үгүт иш-чарасын өткөрүү фактысы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 6-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна, Токмок шаарында жашаган жаран Б.Асанов "Бирге" саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Ч. Кайрат "Бирге" саясий партиясын колдогон үгүт иш-чарасын жана шаардын шайлоочуларына азык-түлүк пакеттерин таркатуу менен кайрымдуулук кечесин Токмоктогу Дубовицкая көчөсү менен Парковая көчөсү кесип өткөн жерде өткөрдүгүн билдирген. Бул үгүт иш-чарасы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу менен өткөрүлдү, видеодо маска режимин сактабастан көптөгөн адамдар чогулган.

Видеого комментарий берип жатып, автор "Бирге" саясий партиясын колдогон иш-чара өткөрүлгөн аталган үйдүн жанында токтоп турган К.Чокеевдин унаасы менен кошо бир топ унаалардын топтолгонун белгилейт. Видеонун автору ошондой эле, Токмоктогу "Бирге" саясий партиясы азык-түлүк пакеттерин таркатуу менен кайрымдуулук кечкисин уюштуруу жолу менен добуштарды массалык түрдө сатып алууну жүргүзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Аталган фактыларды текшерүү үчүн маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Токмок АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg