ЫАККТ маалымдайт: Паспорттук маалыматтарды берүү өтүнүчү боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу А.Баетовдон үй комитеттеринин төрагалары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушу социалдык тармактарда активдүү талкууланып жаткандыгы боюнча маалымат алган.

Тактап айтканда, 8-кичи райондо № 46-үй комитетинин төрагасы Аида, WhatAppта аталган үйдүн тургундарына шаардык кеңештин депутаттыгына "Эмгек" саясий партиясынан талапкери С. Шинге добуш берүүнү суранган.Ошондой эле паспорттук маалыматтарды берүүнү айткан.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Бишкек АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg