ЫЧКТ билдирет: Шайлоочулар менен иштөөдө ыплас технологияларды колдонуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу “Kazat.org” маалымат порталынын баракчасында Каныкей Кылычованын посту талкууланып жаткандыгы жөнүндө маалымат алды, анда “НДПК” саясий партиясы шайлоочулар менен иштешүүдө ыплас технологияларды колдонгондугу айтылат.

Ошентип, "НДПК" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Исмаил Сейдахмат, ТЭЦтин жана "Мадина" соода борборунун аймагында жашаган тургундар арасында үгүт иштерин активдүү жүргүзүп, өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу шайлоочулардын добушуна пара берип, 2000 сом тараткан.

Мындан тышкары, ал кафелерде жана ресторандарда сый тамак уюштуруп, андан кийин агитаторлор шайлоо күнү "Ата Журт Кыргызстан" партиясын тандоосу үчүн шайлоочулардан паспорттук маалыматтарды талап кылышат.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg