ЫАККТ билдирет: агитациялык жолугушууга мугалимдерди ташуу фактысы боюнча иликтөө башталды

 21-декабрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номуруна "Жалпы иш" коомдук фондунун өкүлдөрүнөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы мугалимдерди КР Президенттигине талапкер С. Жапаров менен жолугушууга Ош шаарына мугалимдерди барууга мажбурлашып, аларды бекер транспорт менен камсыз кылышканы тууралуу маалымат түшкөн. "Жалпы иш" коомдук фонду бул ишти текшерип, тиешелүү чара көрүүнү суранат. 21.12.2020-жылы бул тууралуу КР Башкы прокуратурасына, КР ИИМине кабар берилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990-02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg