Видеобайкоочу камераларды орнотуу менен шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча иликтөө башталды

16-сентябрда БШК мүчөсү Г. Журабаева КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Facebookто пайда болгон үн жазуусу тууралуу билдирди. Үн жазууда бир аял – үй башчысы үйдүн жашоочуларына жеке маалыматтарды, аты-жөнү, телефон номурларын, паспорттук маалыматтарын, идентификациялык номурду берүүнү сунуш кылып, “Кыргызстан” партиясы үчүн добуш берүүгө чакырган. Ал партия өз кезегинде видеобайкоо камерасын(бир камеранын баасы 25 миң сом) орнотуп берүүнү убада кылган имиш. Жашоочуларга кайрылган үн жазуу кошо тиркелген. 16-сентябрда бул маалымат КР ИИМге жиберилди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү