2021-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Фейсбукта Айтиева К.нын посту талкууланып жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн, анда Ош шаарынын вице-мэри Азимов Ж. "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер болуп, аталган партиянын агитаторлору аркылуу добуштарды азык-түлүк пакеттерин таратуу жолу менен пара катары сатып алып жатканы берилген.
Видеодо "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын белгисиз аял жана эркек агитаторлор үйлөрдүн жашоочулары менен сүйлөшүп жатып, бул азык-түлүк пакеттери аларга Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдон берилгендигин билдиришкен.
Маалымат Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын ЫАККТга жөнөтүлдү.
ЫАККТ БШК
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg