ЫЧКТ маалымдайт: Партиянын агитаторлору добуштарды пара катары сатып алгандыгы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Б.Ходжаевден маалымат алды. Ал Ош шаарында "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын агитаторлору көчөлөрдүн биринде, токтоп турган "Тойота" автоунаасынан добуштарды сатып алуу менен алектенип жаткандыгы жөнүндө маалыматты билдирген.

Бул маалымат КР ИИМге, Ош АШКга, ЫАККТга берилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg