ЫАККТ маалымдайт: Үгүт материалынын чыгуучу маалыматтарынын жоктугу боюнча тергөө башталды

2021-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу "Жалпы иш" коомдук фондунан 2021-жылдын 30-мартында №3- орто мектебинин директору жөнүндө маалымат алган. Ч. Айтматов атындагы №3 орто мектептин директору А. Насиров педсовет өткөрүү шылтоосу менен, мектептин имаратында "Нур" саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер Х. Джумаевдин жана А. Жалиловдун мектептин имаратында мугалимдер жамаатынын жолугушуусун уюштурган. Мындан тышкары,

"Жалпы иш" коомдук фондунун маалыматы боюнча, Өзгөн шаарында, У.Маллабеков көчөсүндө "Нур" саясий партиясынын үгүт баннериндеги материалында чыгуу маалыматы камтылган эмес.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Өзгөн АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg