ЫЧКТ билдирет: Депутаттыкка талапкерлер футболдук мелдеш уюштургандыгы боюнча териштирүү башталды

2021-жылы 29-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер М.Садыковдон айыл өкмөтүнүн башчысы жана депутаттыкка өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер Э. Курбанов, Шакир аттуу талапкер, ал мектептин физкультура мугалими, талапкер Камильжан шайлоо процессинин мезгилинде Ч. Айтматов атындагы мектептин стадионунда футбол боюнча мелдеш уюштургандыгы тууралуу билдирген маалымат түштү.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Хасилов Надир, «Нурдар» участогунан Зарипа аттуу талапкер, ошондой эле жогоруда аталган талапкерлер мелдешке катышкандык үчүн төмөнкүдөй байгелерди жарыялашкан: биринчи орун үчүн – 20 миң сом, экинчи орунга – 15 миң сом, 3-орунга – 10 миң сом.

Бул айылдын тургундары үчүн түшкү тамак уюштурулган. Футбол боюнча спорттук мелдеш 3 участокто уюштурулган.

Автордун маалыматы боюнча Айыл өкмөтүнүн башчысы Хасилов Надир бардык үгүт иш-чараларын өткөрүүгө активдүү катышууда, ошону менен бирге, иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттин акчалары колдонулушу ыктымал деген пикир айтылган.

 

Маалымат КР БПга, Кара-Суу АШКнын ЫЧКТына жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg