ЫАККТ маалымдайт: Талапкердин муктаж айылдаштарына жер тилкесин берем деген убадасы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу "Адилет" коомунун төрагасы Т. Раззаковдон маалымат алып, ага Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында жашаган А.Турсунбаев кайрылганын билдирген. Жаңы - Жер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер А. Турсунбаев өз кайрылуусунда ушул айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер  С. Акматов айылдаштарына, кошуналарына кайрылып, бир жуманын ичинде муктаж болгондорго ушул айылдан жер участокторун берүү маселесин чече тургандыгын айткандыгын билдирген.

Бул маалымат КР ИИМне, Башкы прокуратурага, Кадамжай АШКна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg