Айылдын жашоочуларын Форма 2 боюнча каттоо үчун массалык ташуу фактысы менен иликтөө башталды

18-сентябрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Facebookко чыккан «Бет калдыбы кыргызда?» деген аталыштагы видео жарыялангандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Видеодо №718 АВС автомашинасынын айдоочусу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жети-Кошкон айылынын жашоочуларын Форма 2 боюнча каттоо үчүн 1000 сом сый акы үчүн салып келгени көрсөтүлгөн.

Видеонун автору Базар-Коргон районунун Акман айылына келген шайлоочулар башка айылдардын жашоочулары экендигин кабарлайт. Мындан мурда да БШКнын координациялык тобуна Акман айылына башка аймактардан шайлоочуларды Форма 2 боюнча каттоо үчүн ташып келишкени жана ар бир келген адамга 1000 сомдон төлөшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

18-сентябрда маалымат Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө жиберилди, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү