2021-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Сузак районундагы Кызыл-Кол айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкердин өкүлү А.Жапашовадан маалымат алды. Ал 2021-жылдын 9-апрелинде болжол менен түнкү саат 11.00дө бажы кызматынын кызматкери Ш. Төрөмаматов жергиликтүү кеңештин активдүү депутаты, ошондой эле депутаттыкка талапкер С. Жапашовду жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышкандыгы үчүн сабагандыгын билдирген. Маалымат текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Сузак АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү
ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg