2021-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна үй башчысы Л.Бедоговадан маалымат түшүп, ал 2-топтогу майып З.Лютенкого, төшөктө жаткан бейтапка эки белгисиз адам келип, коркутуп-үркүтүп, 23-саясий партияны ("Реформа") колдой тургандыгын жана шайлоо күнү алар үчүн добуш берем деп арыз жаздырууга аргасыз кылып, паспорттун көчүрмөсүн алышканын билдирген. Бул адамдар баргандан кийин бейтаптын ден-соолугу кескин начарлап, ага тезинен медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Бул фактыларды текшерүү үчүн маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.
ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg