“Тазалык” мамлекекеттик ишканасынын жетекчилигине байланыштуу фактылар боюнча иликтөө башталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу 6-сентябрда журналист Кудрет Тайчабаров жарыялаган маалымат менен таанышып чыкты. 
Маалыматта “Тазалык” мамлекеттик ишканасынын көптөгөн жетекчилери кызматтарынан бошотулгандыгы, себеби “Тазалык” ишканасынын жетекчилиги кызматкерлерди өз паспортторун берүүгө мажбурлап жатышканы, ким паспортун бербесе аларды иштен бошотуп жатышкандыгы айтылат. Андан ары К. Тайчабаров Абдумомунов көчөсү 331 деген даректе жарандардын паспортун жыйноо жүрүп жаткандыгын билдирет. 
6-сентябрда К. Тайчабаровдун маалыматы КР ИИМине жиберилип, 8-сентябрда Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ЕРППине катталган. КР КоП 87-1-беренелери – административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча иликтөө башталды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү