ЫЧКТ билдирет: “Ордо” партиясына кысым көрсөтүү боюнча териштирүү башталды

КР БШКнын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу “Ачык шайлоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Т.Абылаевдин 2020-жылы 9-сентябрда Facebookка жарыяланган “Ордо” партиясынын талапкерлерине жана Чүй, Жалал-Абад облустарындагы штабдарынын жетекчилерине кысым көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун изилдеди. Партиянын талапкерлеринин туугандарына жана жакындарына моралдык кысым көрсөтүү фактысы жазылды. 2020-жылы 9-сентябрда маалымат Башкы прокуратурага жана КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү