ЫАККТ билдирет: отуруш учурундагы агитация боюнча иликтөө башталды

28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылындагы М. Аширбеков, У. Сулайманкулов деген жарандар бекер отуруш өткөрүшүп анын арты менен КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров үчүн добуш берүүгө агитация жасап, эгер отургандар агитатор катары иштешсе 10 миң сом төлөп берүүнү сунуштагандыгы  айтылат. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Өзгөн АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg