2020-жылдын 23-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна (ЫАККТ), КР Президенти кызматына талапкер Имамидин Ташовдун 2020-жылдын 5-октябрында Ала-Тоо аянтында курман болгон Үмүтбектин ата-энесине жардам бергендиги боюнча маалымат Инстаграмда талкууланып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Текстте Имамидин Ташов Үмүтбектин ата-энесине көңүл айтуу менен аларга квартира белек кылгандыгы көрсөтүлгөн.
23.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине билдирилди.
ЫАККТ БШК Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990-02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg