ЫЧКТ маалымдайт: Кызматтык имаратта үгүт иш-чарасы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ноокат АШК ЫАККТтан "Бир Бол" саясий партиясынан жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер Г. Дуванаевадан арыз түшкөн. Г.Дуванаева Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын кеңселеринин биринде “Ата Журт Кыргызстан ","Аманат "саясий партияларынын төрагалары жана Н.Крупская атындагы орто мектебинин директору үгүт иш-чараларын өткөргөнүн кабарлаган.

Бул маалымат КР ИИМне жана КР Башкы прокуратурасына жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук адрес – kgor_cec@shailoo.gov.kg