ЫЧКТ билдирет: Муниципалдык имараттагы үгүт материалы боюнча иликтөө башталды

2021-жылы 8-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Д.Рахманова аттуу жарандан "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын одоно бузуп Ош шаарындагы Навои жана Алебастрова көчөсүндө Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин үгүт материалы илинген деген маалымат келип түшкөн.

Автордун билдирүүсүндө прокуратура органдары Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдарына эч кандай чара көрүшпөй жатат деп көрсөткөн.

 

08.01.2021-жыл. Маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жиберилген.

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg