ЫАККТ билдирет: белгилүү бир талапкерге үй башчысынын үйдүн жашоочуларына агитациясы боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 9-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине А. Суранбаева деген жарандан маалымат түшүп, ал №45-үйдүн үй башчысы үйлөрдү кыдырып, белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө агитациялагандыгын билдирген. Бул мыйзамды одоно бузгандык экени белгиленген. Ошондой эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан эч кандай чаралар жасалбаганы айтылган

. 09.01.21-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага, Ош шаарынын ЫАККТ АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg