ЫАККТ билдирет: Ар башка партиялардын мүчөлөрү бир талапкерге үгүт жүргүзгөнү боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 13-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна  ИА "Аргумент кg" Фейсбук колдонуучусу К. Ажибековага шилтеме берүү менен маалымат жиберген. Маалыматта Талас шаарында "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" партияларынын айрым мүчөлөрү КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров үчүн агитация жүргүзүп жана 1000 сомдон таратып жатат имиш деп айтылат. 13.02.2021-ж. маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага чыгыш №127 менен жиберилген. 14.01.2021-ж. бул материал Талас ШИИБнин каттоо журналына №02-068-2021-000075 менен катталган. Текшерүү жүрүп жатат. 

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg